wordpress themes.

Пикир/Мнение

Супер Инфонун кабарчысы Бахиана Сатылганованын камакка алынышы туура эмес

Башында журналисттер коомчулугу Супер Инфонун кабарчыларынын жасаган ишин катуу сынга алып, мындай орой тамашага жол берилбеши керектигин айтып чыгышкан.

Албетте журналисттердин “Тамаша-тору” тамашанын чегинен чыгып, аша чаап кеткен. Тамаша торго илинген Назира Айтбекова моралдык жактан оор абалда калганын баардыгы тушунүү менен кабыл алып, сөз менен болсо да ар тараптан колдоого алышкан.

Ал эми уюштуруучулар болсо күнөөсүн мойнуна алып, “Бизден кетти, кечиргиле” позициясын карманып, башын ийип беришкен.

Журналисттердин мындай иш аракетин коомчулук колунан келишинче тепкиге алып, жетиштүү эле сынга алды, мындан ары дагы сынга алат.

Күнөөсүн мойнуна коюп, айыбын тарттыруу коомчулукка сабак болуусу үчүн иштелип чыккан норма экенин баарыбыз билебиз. Бул окуя журналисттик коомчулукка жакшы эле сабак болду. Аны уккан билген журналист мындай тамашага бармак турсун, четин укканда кача турган болуп калды.

Уюштуруучулар дагы айыбын тийиштүү деңгээлде тартты. Себеби жалпы коомчулуктун сындоосунан, суук сөзүнөн, айыптоосунан өткөн жаман нерсе барбы. Ушул жетиштүү болмок.

Учурда Бахиана Сатылганова камакка отургузулуп, кош бойлуу аял айыбын камакта тартып отурат. Бул аша чапкандык десек болчудай. Башында сындап жаткан коомчулук эми тескеринче аны аяп, темир торго камаганыңар туура эмес деген пикирлерин айтып, редакция болсо өз кызматкерлерин коргоп кайрадан жумушка алып жатат.

Менимче бизде, ар нерсени тең салмактоо, акыйкаттык менен чечим чыгаруу маданияты жоголуп, бөрк ал десе баш алган заман орногон. Мындай көрүнүштөн арылууга ар ким өзүнүн салымын кошуусу зарыл.

Бекешова Мэри

Один комментарий “Супер Инфонун кабарчысы Бахиана Сатылганованын камакка алынышы туура эмес
  • Ajar:

    Негедир Назира Айтбекованын айткандарына ишенгим келбей калды, окуяны кобуртуп-жабыртып айтып койгондой. Коомчулук суротун дагы, видеосун дагы корбой эле Айтбекованын тили менен айтылган нерселерге ишенип алды окшойт. Айтбекованын алып барган Аалам сырларын бир да жолу коргон эмесмин, Суппер-Инфону дагы окубайм. Бирок, ушул окуядан сон Айтбекованы да, газетаны да дагы теренирээк жаман коруп калдым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *