wordpress themes.

Жарыя/Объявление

Парламентаризмдин өнүгүүсүн чагылдыруу боюнча республикалык сынак

Кыргыз Республикасында парламентаризмдин өнүгүүсүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен маалыматтык агенттиктеринде чагылдыруу боюнча республикалык сынак (мындан ары – сынак) парламентаризм, Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүүсү, Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин, фракциялар жана депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу, мыйзам чыгаруу органы кабыл алып жаткан мыйзамдар, токтомдор, ар кыл ченемдик-укуктук актылары жөнүндө маалыматтарды калкка кеңири жеткирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Басма сөз кызматы USAID/DFIDдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине көмөктөшүү Программасынын колдоосунда өткөрүүдө.
1. Сынактын максаттары
1. Парламентаризм идеяларын түшүндүрүү жана Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин, фракциялардын ишмердүүлүгүн профессионалдуу жана объективдүү маалымдоо багытына Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу.

2. Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана көзөмөл иш-милдеттерин аткаруусун жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууну активдештирүү.
2. Сынактын катышуучулары
1. Сынакка уюмдук-укуктук абалдарына, иш тажрыйбасына, жашына карабастан, республикалык, облустук, райондук жана шаардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын, маалыматтык агенттиктердин авторлору, теле жана радиожурналисттер, кызматтагы жана эркин журналисттер, аналитикалык макала жазгандар – баардык калемгерлер катыша алат.

2. Сынак “Мезгилдүү басылмалар”, “Телеберүү”, “Радио”, “Интернет” (маалымат агенттиктери) жана “Аналитика” деген наамдар боюнча жүргүзүлөт.
3. Сынак иштерине коюлган талаптар
1. Гезиттеги материалдар, радио жана телеберүүлөр, интернет барактарындагы материалдар 2013-жылдын 20-майынан тарта 20-октябрына чейинки мөөнөттө далилдүү түрдө жарыялануусу кажет.

2. Көрсөтүлгөн материалдар сынактын максаттарына дал келүүсү зарыл.

3. Сынакка төмөндөгүлөр кабыл алынат:
– Мезгилдүү басылмалардын авторлорунан – сегизден кем эмес тематикалык материалдары;
– Радиожурналисттерден – сегизден кем эмес радиосюжети же радиоберүүсү;
– Тележурналисттерден – бештен кем эмес телесюжети же телеберүүсү;
– Маалымат агенттиктеринин авторлорунан – сегизден кем эмес тематикалык материалдары;
– Аналитиктерден жана эксперттерден – бештен кем эмес материал (аналитикалык макала, радиоуктуруу же телеберүү).
4. Ар бир катышуучудан жалпыга маалымдоо каражатынын аталышы, материалдын авторунун аты-жөнү, электрондук дареги, байланыш телефон номуру, материалдын аталышы жана анын басмага, интернет-сайтка, радиого же телеэфирге чыккан мөөнөтү көрсөтүлгөн маалымат толтурулуусу талап кылынат.

5. Телеберүүлөр DVD дисктеринде, радиоберүүлөр – CD дисктеринде программанын аталышы, автору, эфирге чыккан күнү жана убакыты, кыскача аннотация менен; мезгилдүү басылмалардагы материалдар – басылманын түп нускасы же редакция тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө, интернет барактарындагы материалдар – тасмадан чыккан мөөнөтү, убакыты, автору көрсөтүлүп, маалымат-агенттиктеринин фирмалык бланкында чыгарылып берилиши керек.
4. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу
1. Конкурстун материалдары Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматына жана USAID/DFID Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине көмөктөшүү Программасына “Сынакка” деген белги менен жөнөтүлөт. Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 205, № 528-кабинет (Басма сөз кызматы) жана Эркиндик бульвары, 21, 302-кеңсе, 5-кабинет (USAID/DFID Программасы).

2. Сынакка катышуу үчүн билдирмелер менен материалдар 2013-жылдын 21-октябрына саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

3. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу үчүн медиа адистерден, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн жана коомдук ишмерлерден турган көз карандысыз сынак комиссиясы түзүлөт.

4. Көрсөтүлгөн иштер сынак комиссиясы тарабынан төмөндөгү көрсөткүчтөр боюнча бааланат:
– Актуалдуулугу жана сынактын темасына туура келүүсү – 10 упай;
– Тандалган теманын жана мамиленин өзгөчөлүүлүгү – 10 упай;
– Материалдын айкалыштыгы – 5 упай.

5. Сынак эки турдан турат.
Биринчи турда сунушталган материалдар менен документтер ушул Жобонун үчүнчү бөлүгүндө каралган сынак талаптарына ылайыктуулугу иликтенет.
Материалдарын сынак талаптарына ылайык сунуштаган катышуучулар экинчи турга өткөрүлөт.
Экинчи турда катышуучулар тарабынан сунуш кылынган материалдардын мазмуну иликтенип чыгат жана ушул Жобонун төртүнчү бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган талаптарга шайкеш келүүсүнө баа берилет. Материалдарды иликтөө натыйжасы боюнча ар катышуучуга упай берилет.
6. Эки же андан көп катышуучу тең упай алып калган учурда, ал катышуучулардын ортосунда рейтингдик добуш берүү өткөрүлөт.
Эгерде рейтингдик добуш берүүнүн натыйжасында эки же андан көп катышуучу бирдей добуш алып калса, анда сынак комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү мааниге ээ болот.

7. Сынактын жыйынтыгы боюнча комиссиянын чечими КР Жогорку Кеңешинин расмий веб-порталында жарыяланат (www.kenesh.kg).

8. Сынактын жыйынтыгы Маалымат жана Басма сөз күнүнө карата чыгарылат (7-ноябрь).
5. Сынактын байге фонду

(Эскертүү: Жеңүүчүлөргө төмөндө көрсөтүлгөн номинацияларга ылайык каралган каражат өлчөмүндө техникаларды сатып алуу үчүн белек тастыктамалары тапшырылат)

1. “Жалпыга маалымдоо каражаты” наамына татыган мыкты материалдарга

• Биринчи сыйлык – 1000 АКШ доллары
• Экинчи сыйлык – 700 АКШ доллары
• Үчүнчү сыйлык – АКШ доллары

2. “Телеберүү” наамына татыган мыкты чагылдырууга же программага

• Биринчи сыйлык – 1000 АКШ доллары
• Экинчи сыйлык – 700 АКШ доллары
• Үчүнчү сыйлык – 500 АКШ доллары

3. “Радиоберүү” наамына татыган мыкты чагылдырууга же программага

• Биринчи сыйлык – 1000 АКШ доллары
• Экинчи сыйлык – 700 АКШ доллары
• Үчүнчү сыйлык – 500 АКШ доллары

4. “Интернет” наамына татыган мыкты материалдарга

• Биринчи сыйлык – 1000 АКШ доллары
• Экинчи сыйлык – 700 АКШ доллары
• Үчүнчү сыйлык – 500 АКШ доллары

5. “Аналитика” наамына татыган мыкты материалдарга

• Биринчи сыйлык – 1000 АКШ доллары
• Экинчи сыйлык – 700 АКШ доллары
• Үчүнчү сыйлык – 500 АКШ доллары

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *