wordpress themes.

Кыргызстанда/В Кыргызстане, Проф жашоо/Проф жизнь

ЖМКнын өнүгүүсүндө кесиптик уюмдун ролу

Ушул жылдын март айында бизге жергиликтүү маалымат агенттигинин жамааты арыз менен кайрылган. Арызда жамаат күтүүсүздөн толугу менен иштен бошотулуп, мурунку айдын дагы айлыгы берилбегендиги айтылып жардам берүүнү өтүнүшкөн. Эмгек жамаат менен жолугушуу учурунда, алар моралдык жана материалдык жактан кыйын абалда турганын айтып, кандай болгон күндө да айлык акысын алышыбыз керек деген позициясын айтышкан эле. Биз иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштадык. Агенттиктин формалдык ээси жамааттын маселесин чече албаган жөнөкөй эле жаран болуп чыкты.

Сүйлөшүү эки жумадай убакытка созулуп, акыры агенттиктин формалдуу эмес иш берүүчүлөрү жамааттын маяна акысын толугу менен төлөп беришти.

Бул ушул жылдын февраль айында негизделген “Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин кесиптик уюмунун” алгачкы иши болгон. Учурда уюмубуз бир жашка чыга  элек болсо да бул сыяктуу бир катар иштерди чечүүгө жетишти.

Кесиптештерибизге уюм тууралуу баяндап, алып барган иши тууралуу айтып берип жатканда көпчүлүгү “Көлгө, курортко путевка бересиңерби?” –  деп сурашат.

Кесиптик уюмдун негизги иши путевка таратуу, жаңы жылдык белектерди берүү деген стереотип советтик системадан улам сакталып калган. Ушул күндө дагы , мамлекеттик мекемелерде иш алып барып жаткан кесиптик уюмдардын иши жаңы жылдык белек, эс алуу жайларына путевка берүү менен чектелүүдө жана да жетекчиликке толугу менен көз каранды.

Ал эми жаңы түзүлгөн кесиптик уюмдун максаты кандай шартта болбосун көз карандысыздыкты сактап калуу жана кызматкерлердин кызыкчылыгын жогору кою.

Белгилей кетчү нерсе, өлкөбүздө журналисттердин кесиптик уюмун жылдырганга көп мүмкүнчүлүктөр бар. Санай кетсек:

  1. Учурда журналисттик коомчулук, кесиптик уюмдун зарыл экендигин баамдап биле баштады.
  2. Бирдиктүү күчкө биригүү зарыл экендигин ар бир ЖМК кызматкери түшүнүүдө.
  3. Өлкөбүздөгү саясий күчтөр ондогон саясий партияларга бөлүнүүдө. Бул тенденция пикирлердин плюрализмин жаратууга мүмкүнчүлүк берет.

Кесиптик уюмду өнүктүрүүдө кыйынчылыктарды жараткан  факторлор да көп:

  1. Скептицизм – уюм өсүп өнүгүп, чыныгы күчкө айланып калганын көрмөйүнчө, журналисттер өздөрү кыймылдап, ишти жылдырууга таасирин тийгизейин деген демилгенин жоктугу.
  2. ЖМКлардын кожоюну тарабынан орнотулган цензура – ЖМКнын өнүгүшүндөгү негизги маселе айланууда. Мамлекеттик эмес ЖМКлардын айрымдарына кайсы бир саясатчы же ишкер ээлик кылгандыктан, анда эмгектенген журналисттерге ээсинин саясатын жүргүзүүгө туура келет. Бул көрүнүш профсоюздук кыймылды өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизүүдө. Себеп дегенде мындай маалымат каражаттарынын максаты элге так, объективдүү маалымат жеткирүү эмес, кайсы бир персонаны көкөлөтүп, кайсы бирин каралоо болуп калган. Мындай шартта көз карандысыз профсоюздук уюмдун иш алып баруусу ЖМКнын ээсине көптөгөн тоскоолдуктарды жаратат. Келечекте жамаат профсоюздук уюмдун колдоосуна таянып каралоо компаниясын жүргүзүүдөн баш тартууусу ыктымал.
  3. Мамлекеттин экономикалык абалы – элдин жардылыгы, жарнак рыногунун тардыгы, редакциялардын оор экономикалык абалы – ЖМКнын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Маянанын аздыгы, кадрлардын тынымсыз алмашуусу журналисттерди биригүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууда. ЖМКда иштеген кызматкерлер кандай шарт болбосун жетекчилик менен жакшы мамиле түзүүгө аракет кылышат. Мындай шартта алгачкы профсоюздук уюмду түзүүнү жетекчиликтин колдоосу менен гана ишке ашырууга болот.

Кесиптик уюм жана мамлекеттик ЖМКлар

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык деп аталган ири жана чакан маалымат каражаттары бар. Алардын өздөрүнүн кесиптик уюмдары бар. Кызматкерлердин айтымында алардын кесиптик уюму өз мүчөлөрүнүн укугун коргоого эрки жетпейт, реалдуу күчү жок. Алардын негизги иши жаңы жылдык белек берүү жана эс алуу жайларына тандалуу гана адамдарга путевка таратуу менен чектелип калган. Мамлекеттик ЖМКларда иштеген кызматкерлер, биздин уюмга кызыгуусун билдирип жатышат, эки профсоюздук уюмга мүчө болууга мыйзам да тыю салбайт. Айрым мамлекеттик ЖМКлар өздөрүндө алгачкы профсоюздук уюмдарды ачууга да жетишти. Эгерде ошол алгачкы профсоюздук уюмду ийгиликтүү иштете билсе, ЖМКнын өнүгүшүндө негизги ролду ойноп, алдыга сүрөй турган күч болоору талашсыз.

Профсоюздун ишин уюштуруу тартиби

ЖМК кызматкерлеринин кесиптик уюмунун мүчөлүгүн журналисттер эле эмес,  фотографтар, корректорлор, эркин журналисттер, оператор, монтажерлор дагы кабыл алса болот. Мындан тышкары ЖМКнын алкагында түзүлгөн алгачкы профсоюздук уюмдар дагы мүчө боло алат.

Уюмдун мүчөлөрү мүчөлүк төлөмдүн өлчөмү баардык аймактарда жана борбордо айына 50 сом өлчөмүндө болсун деп чечим кабыл алышкан. Мүчөлүк төлөм жылына, алты айда же 3 айда бир төлөнөт. Мүчөлүк төлөмдөр тууралуу финасылык ар бир кыймыл уюмдун сайтына жайгаштырылат жана мүчөлөрдүн аны менен каалаган учурда таанышып турууга мүмкүнчүлүгү болот. Финансылык отчетто канча мүчө бар экени, ким канча төлөгөндүгү, канча каражат кайсы иш чарага жумшалганы жазылат. Каражатты керектөө алдында добуш берүү жолу менен мүчөлөрдүн көпчүлүк бөлүгүнүн уруксатын алуу керек болот. Эгерде мүчөлөрдүн көпчүлүгү колдоодон баш тартса, каражат ошол иш чарага жумшалбай калат. Колдоо тууралуу добуш берүү Google groups системасынын жардамы менен өтөт.

Белгилей кетчү нерсе профсоюздук кыймылдын мүчөлүк төлөмдөргө гана жашоосу үчүн дагы көп убакыт талап кылынат. Андыктан , баштапкы баскычында донорлук уюмдардын колдоосуна зарыл.

Уюм мүчөлөрүнө кандай багытта колдоо көрсөтө алат?

Ушул тапта ЖМК кызматкерлеринин кесиптик уюму өзүнүн мүчөлөрүнө эмгек укугун коргоо жаатында окууларды өткөрүп, кеңештерин берүүгө даяр, ЖМКларда алгачкы профсоюздук уюмдарды түзүүгө жардам көрсөтөт жана аларга профсоюздук кыймылды жүргүзүү боюнча окуулады өткөрүп берүүгө, жамааттык келишимдерди кабыл алууга жардам берет. Мындан тышкары ЖМК кызматкерлеринин кесиптик уюму өзүнүн мүчөлөрүнө кызыктуу, кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча пайдалуу материалдар, сынактар, өлкөдө жана чет мамлекеттерде өткөрүлүп жаткан окуулар тууралуу маалыматтардын топтомун электорндук дарек аркылуу маал  маалы менен таратып турат. Ал эми зарыл болгон учурда кесиптик уюм өз мүчөсү менен кожоюндун ортосундагы эмгек укук боюнча талаш тартышты чечип берүүгө аракет кылат.

Уюмдун максаты

Башка кесиптик уюмдардай эле, биздин уюмдун максаты ЖМК кызматкерлеринин эмгек жана кесиптик укугун коргоо. Мындан тышкары, уюмдун негизги максаты, ар кандай цензураларга, журналисттерге каршы куугунтуктоолорго, кысымдарга жана башка өзгөрүүлөргө каршы туруу үчүн Кыргызстан журналисттерин бирдиктүү күчкө айландыруу.

Уюмдун жеткчиси катары айтаарым, журналисттердин бул кесиптик бирикмесин Кыргызстандын өнүгүү жолуна салымын кошууга дарамети жеткен чыныгы күчкө айландыруу үчүн болгон аракетимди жасайм.

Ошол эле учурда журналисттерден, ЖМКда иштеген башка кызматкерлерден бул процесске активдүү катышуусун суранаар элем, ишти биргелешип алдыга жылдыралы. Журналисттик кесиптин негизги вазыйпасы, коомду коррупциядан тазалоо, бийликтин өз билемдигин токтотуу, ар бир айткан кебинин, жазган сөзүнүн артында жалпы элдин жашоосун жакшыртуу кызыкчылыгын кою. Бирок, өздөрүнүн кесиптик укугу чектелип, эмгек укугун тыңгылыктуу коргой албай жаткан журналисттер кантип жалпы элдин татыктуу жошоого болгон укугун коргой алат.

Кесиптик уюмдун күчү  – анын мүчөлөрү. Алардын активдүүлүгү, күчтүү эрки, бекем принциби болсо – күчтүү бирикме жаратууга болот.

Чоң максаттар дайыма кол жеткис көрүнөт. Бирок алгачкы кадамды бүгүн жасасак, эртеңки күндү дагы көрө жатаарбыз дейт эмеспи.

Бириксек биз көп нерсеге туруштук беребиз.

Бекешова Мэри,
“ЖМК” кызматкерлеринин кесиптик уюмунун” жетекчиси

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *