wordpress themes.

Пикир/Мнение

Өзүм билемдик маданияты сиңип калган

Өзүнүн кесиптик милдетин жасап жаткан журналисттерге кол салып, уруп, итке салып берем деп коркутуу бул – коомго “өзүм хан, өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” маданиятынын сиңип калганынын белгиси.

Эгемендикке ээ болгондон бери 20 жылдын ичинде кыргыз бийлиги өзүм билемдик маданиятын жайылтып, өзгөчө бийлик ээлери, тууган уруктары мыйзам алдында жоопко тартылбай келген. “Акчаң бийлигиң болсо” баардык нерсени сүйлөшүп бүтүрүп алса болот деген пикир сиңип калган.

Мыйзамдуу мамлекетте, өз милдетин аткарып жаткан журналистке кол салуу чоң чатакка айланаарын акыл-эси ордунда болгон ар бир адам билет. Бизде болсо кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюу адатка айланган. Андыктан, журналистке кол салуудан коркушпайт.

Себеп дегенде буга чейин кыңыр иштин бетин ачам деген эр жүрөк журналисттерибиздин өмүрү кыйылып кеткен, аман калганы чет жакка башын ала качып кутулушкан. Ошол кылмыштардын биринин дагы бети ачылып, бир да кылмышкер жазасын алган жок.

Коомдук биринчи каналдын журналисттери Ширин Асанакунова менен Бурулай Пусурманкулова менен болгон окуянын тергөө иши президенттин көзөмөлүнө алынбаса, иш кандай багытта өнүгөөрүн журналисттерге болгон мурунку кол салуулар айтып турат.

Журналист кыздардын айтымында, аларга кол салган адамга жаман айтышпаптыр, үйүнө кирип барбаптыр, болгону көчөдө башка жарандар басып жүрүүгө мүмкүн болгон, коомдук жерде өз ишин жасап жаткан учурда камерага тарттырбай, уруп- согуп кириптир.

Съемка кылганга тыюу салгыдай алардын коркок билиши барбы? Эгер корко турган, ката турган эч нерсеси жок болсо эмнеге журналисттердин ишине жолтоо болот?

Учурда биз Айдин Кулбаевди күнөөлөп, эл өкүлү болгон эжесин эл алдында кадырын түшүрүүдө деп жатабыз. Эң оболу ошол улуу муун мыйзамды сыйлаганды үйрөтсө, мамлекеттик мүлктү уурдаган туура эмес экендигин үйрөтсө, улууну урматтап кичүүнү ызааттаганды үйрөтсө, жок эле дегенде аял кишиге кол көтөргөн туура эмес экенин үйрөтсө,  мындай окуяга туш болмок эмес.

Журналисттер коррупциянын эң жөнөкөй формасы – электр энергиясына акча төлөбөгөндөр тууралуу материал жасап жатып, чак түштө ушундай каршылыкка кабылып отурушат. Эгерде чоңураак кылмыштардын, жогорку деңгээлдеги коррупциянын, элдин ырыскысын сатып тууган-уругу кошо оокат кылгандардын кыңыр иштерин иликтей баштаса, журналистти ээн жерден кармап жок кылып койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Мындай көрүнүш коомдо эр жүрөк, тайманбаган, чынчыл журналисттердин өсүп чыгышына бөгөт коет. Андыктан, күнөөлүү өз жазасын тийиштүү деңгээлде алыш керек, журналисттерге каршы жасалган ар бир кылмыш ишинин бети ачылыш керек.

Мэри Бекешова

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *